2026-04-03
Кесиптик колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү программасынын окутуучусу Гулзаада Абдралиева тарабынан 2026-жылдын 26-мартында окутуучулар жана студенттер үчүн “Пейзаж жаратуу” темасында арт-терапия өткөрүлдү.
Сабактын негизги максаты — студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү менен катар, алардын эмоционалдык абалын колдоо жана ички дүйнөсүн көркөм каражаттар аркылуу чагылдырууга шарт түзүү болду. Иш-чара таза абада, табият койнунда өткөрүлүп, катышуучулар айлана-чөйрөдөн алган таасирлерин сүрөт аркылуу жеткирүүгө аракет кылышты. Арт-терапия процессинде студенттер пейзаж тартуу аркылуу өз ойлорун, сезимдерин жана маанайын эркин билдиришти. Мындай ыкма алардын чыгармачылык потенциалын ачууга гана эмес, ошондой эле стрессти азайтууга, көңүлдү топтоого жана ички гармонияны табууга көмөк көрсөттү.
Мектепке чейинки билим берүү багытында окуган студенттер үчүн бул сыяктуу практикалык сабактар өзгөчө мааниге ээ. Анткени келечектеги тарбиячылар балдардын чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган заманбап методдорду өздөштүрүп, аларды практикалык ишмердүүлүктө колдоно билүүсү зарыл.
Жыйынтыгында, арт-терапия сабагы студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, теориялык билимди практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түздү. Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери шексиз.



