2026-04-24


СТУДЕНТТИК ПРАКТИКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ ӨТКӨРҮЛДҮ


Кыргыз-Түрк 'Манас' Университети Кесиптик колледжи тарабынан 2026-жылдын 15-апрелинде Студенттик практикалык көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөдө Жыгач иштетүү технологиясы жана эмерек дизайны, ошондой эле Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо программаларынын студенттери тарабынан даярдалган макеттер жана долбоордук иштер көрсөтүлдү. Студенттер теориялык билимдерин практикалык иштер менен айкалыштырып, кесиптик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чараны уюштурууга салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз:
 Гүлмира Ажыгулова
Мустафа Өжал

Бул көргөзмө студенттердин практикалык билим алуусун өнүктүрүүгө жана кесиптик даярдыгын чыңдоого маанилүү салым кошту.