2026-04-27
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжинде поэзия кечеси өткөрүлдү.
2026-жылдын 9-апрелинде Мектепке чейинки билим берүү программасынын окутуучусу Гулзаада Абдралиеванын жетекчилиги алдында студенттер «Сүйүү менен, сүйгөнүмө, сүйүү үчүн» аттуу поэзия кечесин уюштурушту.
Кечеге университеттин ар түрдүү факультеттеринен келген студенттер, бүтүрүүчүлөр, ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинин студенттери конок катары катышып, өз чыгармаларын көркөм окуп беришти.
Иш-чара ыр, бий жана тамаша менен коштолуп, жогорку деңгээлде, өзгөчө чыгармачылык маанайда өттү. Кечеде жаштардын таланттары ачылып, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.



