2026-04-27


Бухгалтерлер жумалыгына арналган майрамдык концерт өттү


14-апрелде колледжде Бухгалтерлер жумалыгына арналган майрамдык концерт өткөрүлдү. Иш-чараны экинчи курстун студенттери окутуучу Алиева Н. менен биргеликте уюштурушту. Концерттик программада көркөм бийлер, обондуу ырлар, пианинодо аткаруулар, кызыктуу оюндар жана башка жагымдуу номерлер көрсөтүлдү.

Майрамдык кечеде конокторго көтөрүңкү маанай тартууланып, жылуу жана достук атмосфера түзүлдү. Иш-чарага катышып, бул кубанычтуу күндү биз менен бөлүшкөн бардык конокторго ыраазычылык билдиребиз. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат!