2026-04-27


Даярдоо курсу студенттери менен жолугушуу өттү


2026-жылдын 21-апрелинде даярдоо курсунда окуган студенттер менен колледжде жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун алкагында колледжди таанытуу жыйыны уюштурулуп, андан соң ар бир программа боюнча студенттерге маалымат берилип, имарат тааныштырылды.

Иш-чаранын соңунда колледждин кооз бакчасында чай үстүндө маектешүү уланып, катышуучулар жылуу пикир алышты.