2026-04-27
Кесиптик колледждин Экономика жана башкаруу программалары бөлүмүнө караштуу Маркетинг, Туризм жана мейманкана иши, Менеджмент, Бухгалтердик эсеп жана Мектепке чейинки билим берүү программаларынын окуу пландарын жаңылоо максатында 2026-жылдын 10-апрелинде саат 15:00дө программа кызыкдар тараптарынын катышуусунда баалоо жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр жана студенттер катышып, учурдагы программалардын күчтүү жактары жана өнүктүрүүнү талап кылган багыттары боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.
Программа координаторлугу тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгында, тармактардагы ыкчам өзгөрүүлөрдүн учурдагы окуу мазмунуна жетиштүү деңгээлде чагылдырылбаганы аныкталды. Бул алкагында окуу мазмунун жаңыртуу жана жаңы дисциплиналарды сунуштоону кароо зарылдыгы белгиленди.
.jpeg)


