2026-04-27
2026-жылдын 25-апрелинде “Учур” бала бакчасында ата-энелер жана бөбөктөр үчүн уюштурулган иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кесиптик колледжинин Мектепке чейинки билим берүү программасынын ага окутуучусу Гүлзаада Абдралиева практика өтүп жаткан студенттери менен биргеликте активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында студенттер синель зымы аркылуу ар түрдүү буюмдарды — брелок, заколка, ошондой эле айгүл гүлү жана башка кооз гүлдөрдү жасап көрсөтүп, катышуучулар үчүн мастер-класс өткөрүштү.
Балдар жана ата-энелер чыгармачыл процесске активдүү катышып, кызыктуу жана пайдалуу тажрыйба алышты.



