2026-04-28


23-апрель – Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө арналган иш-чара өттү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 23-апрель – Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага биздин колледждин мектепке чейинки билим берүү программасынын окутуучусу Гүлзаада Абдралиева студенттери менен биргеликте активдүү катышышты. Студенттер өз колдору менен жасаган ар түрдүү оюнчуктарды жана колго токулган куурчактарды балдарга белекке тапшырышты. Ошондой эле шарлар менен мастер-класс өткөрүлдү. туркчо котор Мындан тышкары, студенттер тарабынан “Бир кап алма” аттуу спектакль сахналаштырылды. Бул спектакль балдар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, шандуу кол чабуулар менен коштолду.