2026-04-28
27-апрелде 1-курс Туризм жана мейманкана иши программасынын окутуучусу Мадина Өзтүрк студенттери менен биргеликте Чуңкурчак өрөөнү аймагына командалык иш (teambuilding) алкагында экскурсия уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жаратылыш шартында топтук иштерди аткарып, бири-бири менен баарлашуу, кызматташуу жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ачык асман алдындагы активдүүлүктөр студенттердин мотивациясын жогорулатып, биргелешип аракеттенүү жөндөмдөрүн бекемдеди.
Мындай практикалык иш-чаралар туризм багытында билим алып жаткан студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
.jpeg)