2026-04-28


Социалдык жоопкерчилик иш-чарасы | Бала бакчага баруу


Социалдык жоопкерчилик алкагында Гулнара Карадениз жана Гулзаада Абдралиева, Баланын өнүгүүсү программасынын студенттери менен биргеликте 2026-жылдын      24-апрелинде Бишкек шаарындагы 185 № бала бакчага барышты.

Студенттер тарабынан “Бир кап алма” аттуу театрлаштырылган спектакль коюлду . Спектакль балдар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, кол чабуулар менен коштолду.

Бала бакчанын тарбиячылары ыраазычылык билдирип, студенттерди практикага (стажга) чакырууга даяр экендиктерин белгилешти. Ошондой эле бала бакча жетекчилиги менен кызматташуу келишими түзүлдү.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө жана мекемелер аралык кызматташууга чоң салым кошту.