2026-04-29
2026-жылдын 28-апрелинде саат 15:30да Кесиптик колледжибизде “Кыргызстандагы камсыздандыруу сектору” аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чара окутуучубуз Serhat Atmaca тарабынан уюштурулду.
Семинарга баяндамачы катары OSOO A Plus компаниясынын башкы директору Эрнис Абдикеев катышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы камсыздандыруу тармагынын учурдагы абалы, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана кездешкен негизги көйгөйлөр тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле камсыздандыруу маданиятын жогорулатуунун мааниси, тармактын экономикага кошкон салымы жана жаштар үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу токтолду.
Семинардын жүрүшүндө студенттер камсыздандыруу тармагына байланыштуу кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Иш-чара теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу жагынан катышуучулар үчүн пайдалуу болду.
Иш-чара баяндамачыга ыраазычылык баракчасын тапшыруу жана эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.


