2025-09-09

КТМУ КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖДИН АКАДЕМИЯЛЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ


Кесиптик Колледждин 2025-2026-окуу жылынын башталышына арналган Академиялык  жыйыны 2025-жылдын 2-сентябрында саат 15:00дө өткөрүлдү.

Жыйында колледждин директору, профессор Мирбек Турдиев өткөн окуу жылына жалпы баа берди. Жаңы окуу жылы үчүн окутуучу курамдын ой-пикирлери жана сунуштары угулду. Ошондой эле студенттердин академиялык жана социалдык өнүгүүсүн колдоого багытталган пландар талкууланды.

Жыйын 2025-2026-окуу жылынын жемиштүү, ийгиликтүү жана тынч өтүшүн каалоо менен жыйынтыкталды.