2025-жылдын 24-октябрь күнү Кесиптик колледжибиздин Маркетинг программасынын студенттери, окутуучу PhD Убейдулла Шенер тарабынан уюштурулган Эбру искусствосунун сыйкырдуу дүйнөсүнө кадам ташташты.
Бул Эбру өнөрканасына болгон сапарда студенттер салттуу түрк өнөрлөрүнүн бири болгон эбру менен таанышып, өз алдынча эбру жасоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара студенттердин көркөм өнөрүн чыңдоого жана маданий мурастар тууралуу маалыматын жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Иш-чаранын соңунда окуучулардын колунан жаралган эбру буюмдары көргөзмөгө коюлуп, семинардын катышуучулары тарабынан жогору бааланды.
.jpeg)
.jpeg)
