2025-11-13

TÜBİTAK 3005 КОЛДООСУ МЕНЕН КЕСИПТИК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫБЫЗДАН ИЛИМИЙ ИЙГИЛИК


Кесиптик колледжибиздин окутуучусу  PhD Убейдуллах Шенер, изилдөөчү катары катышкан долбоор TÜBİTAK 3005 – Коомдук жана гуманитардык илимдерде инновациялык чечимдерди изилдөө программасынын алкагында колдоого татыктуу деп табылды.

Бул долбоор Түркиядагы кош банкттык системанын аймактык теңсиздиктер менен байланышын жасалма интеллектке негизделген ыкмалар аркылуу талдоону максат кылууда. Изилдөө социалдык илимдерде санариптик трансформацияны жана маалыматка негизделген саясаттарды иштеп чыгууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.

Кесиптик колледжибиздин окутуучусу  PhD Убейдуллах Шенерди куттуктайбыз жана илимий иштеринде ийгилик каалайбыз