КТМУ Кесиптик колледжинин Курулуш программасынын студенттери, окутуучу Гүлмира Ажыгулованын жетекчилигинде сектордук практикага катышып, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн алышууда.
Студенттер курулуш тармагында чыныгы иш чөйрөлөрүндө тажрыйба топтоп, теория менен практиканы айкалыштырышып, келечектеги карьералары үчүн бекем база түзүшүүдө. Бул практика аркылуу студенттер заманбап курулуш техникаларын үйрөнүү менен чектелбей, ошондой эле долбоорду башкаруу жана командалык иштөө көндүмдөрүн да өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
КТМУ катары, студенттерибиздин сектордо тажрыйба топтоп, кесиптик компетенциялардын жогорулатылышын колдоп келүүдөбүз.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
