КТМУ Кесиптик колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү программасынын 2-курс студенттери окутуучу Гүлзаада Абдраеванын жетекчилигинде Бишкек шаардык №148 Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жана Бишкек – түрк мектебинде практикадан өтүп жатышат.
Студенттер практика учурунда педагогикалык көндүмдөрдү өнүктүрүп, балдар менен иштөө тажрыйбасын алышууда. Практиканын жуманын бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүшү студенттерге билим алуу процессинде практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө жана келечекте кесиптик чеберчилигин арттырууга жардам берүүдө.



.jpeg)