2025-11-14

Бала бакча жашоосу жана ата-энелер менен өз ара аракет


КТМУ Кесиптик колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү программасынын 2-курс студенттери, Окутуучу Гүлзаада Абдраеванын жетекчилигинде, Бишкек шаардык №148 Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде ата-энелерге арналган «Тарбияда танапис жок» аттуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер ата-энелерге заманбап билим берүү ыкмалары, педагогикалык тажрыйбалар жана баланын өнүгүүсүнө байланыштуу пайдалуу кеңештер менен бөлүшүштү. Бул иш-чара ата-энелерге билим берүү процесси тууралуу кеңири маалымат алууга, ошондой эле үй-бүлөлүк жана мектептик тарбияны өнүктүрүүгө жардам берди.