Кесиптик колледжибиздин даярдоо, 1- жана 2-курстарынын студенттери 2025-жылдын 20-ноябрь күнү уюштурулган интеграциялык программасына чогулушту. Бул иш-чара студенттердин бири-бирин жакындан таанышын, байланыштарды күчөтүүнү жана колледж ичинде ынтымакты жогорулатууну максат кылган. Иш-чарага катышуу чоң кызыгууну жаратты.
Программа ар түрдүү оюндар, топтук мелдештер, ыр көрсөтүүлөрү, ритмдик көнүгүүлөр жана бийлер менен өтүп, абдан жандуу болду. Даярдоо курсунун студенттеринин активдүү катышуусу иш-чаранын динамикасын жогорулатып, бардык курстардын студенттеринин танышуусуна салым кошту. Өзгөчө жалпы командалык оюндар студенттердин биргеликте иштөөсүн жана ынтымак рухун бекемдеди. Иш-чаранын аягында студенттер мындай программалар мектеп атмосферасын жылуу кылаарын, жаңы достуктарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин жана тыгыз сабак мезгилинде мотивация булагы болоорун белгилешти.
Кесиптик колледжинин администрациясы бардык студенттерге жана иш-чарага колдоо көрсөткөн окутуучуларга ыраазычылык билдирип, социалдык жана маданий иш-чаралардын уланарын жарыялады.

.jpeg)
.jpeg)