Университет менен сектор ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган иш-чаралардын алкагында Кесиптик колледжибиздин Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү программасынын окутуучулары доц. м. а. Мурат Авжы жана доц. м. а. Мадина Өзтүрк 2025-жылдын 2-декабрында Sheraton Bishkek мейманканасына иш сапар менен барышты.
Зыяраттын жүрүшүндө Sheraton Bishkek мейманканасынын башкы менеджери Салих Гүнайдын мырза менен жолугушуу өткөрүлүп, студенттерибиздин өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү, жарым күн иштөө шарттары жана бүтүрүүчүлөрүбүздүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз ара пикир алмашуу жүргүзүлдү. Ошондой эле Кесиптик колледжибиздин билим берүү программалары, колдонмо-тажрыйбалык окуу процесстери жана сектор менен жүргүзүлүп жаткан кызматташтык багытындагы иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бул зыярат университетибиз менен туризм тармагынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп, студенттерибиздин практикалык билим алуу жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Жогорку деңгээлдеги коноктоо жана колдоосу үчүн Sheraton Bishkek мейманканасынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.