2025-12-20

Компьютердик программалоо студенттери CAIAG’да техникалык экскурсияда


КТМУ Кесиптик колледжибиздин Компьютердик программалоо программасынын студенттери, окутуучу Селим Элмалынын жетекчилигинде, 03.12.2025 күнү CAIAG уюмунун Бишкек шаарындагы жайгашкан базасына техникалык экскурсияга барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн техникалык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн арттырышты. Студенттер CAIAG уюмунун Бишкек базасында Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык кыймылдар жана аба ырайы шарттары боюнча жүргүзүлүп жаткан өлчөө иштери жана илимий изилдөөлөр менен таанышышты. Ошондой эле жер титирөөлөрдү алдын ала аныктоо жана эскертүү максатында жүргүзүлгөн өлчөө жана байкоо иштерине, ошондой эле бул иштерде колдонулган техникалык жабдууларга кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары өлкө аймагына жайгаштырылган өлчөө станцияларынын иштөө тартиби, бул станциялардан алынган маалыматтардын топтолот жана маалыматтарды иштетүү борборлоруна жеткирүүдө колдонулган маалымат берүү системалары тууралуу маалымат берилди. Студенттер маалыматтарды иштетүү борборлорунда колдонулган компьютердик системалар жана программалык камсыздоолор менен да таанышышты.

Экскурсиянын соңунда CAIAG уюмунун башка өлкөлөр менен жүргүзгөн кызматташтыктары жана маалымат алмашуу процесси тууралуу маалымат берилди, бул кызматташтыктардын илимий жана технологиялык мааниси баса белгиленди.