2025-12-20

Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган адабий кече


2025-жылдын 17-декабрында КТМУ Кесиптик Колледжинин Студенттик Кеңеши улуу акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган «Тагдырдан жаралган поэзия» аттуу адабий кечени жогорку деңгээлде өткөрдү.

Иш-чарага техник программалар бөлүмүнүн  1-курс студенттери катышып, поэзиянын сахнасында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сахнада А. Осмоновдун муңдуу ырлары жаңырып тим болбостон, анын тагдыры жана өмүр жолу да жылуулук менен баяндалды. Ар бир окуя, ар бир сап студенттердин жүрөгүнө жетип, акындын дүйнөсүнө терең сүңгүп кирүүгө шарт түздү.

Бул адабий кече студенттердин маданий аң-сезимин кеңейтүү жана кыргыз поэзиясынын көркөм дүйнөсүн таанытуу максатында өткөрүлдү.