2025-12-22

КТМУ Кесиптик колледждин студенттери конференцияда


2025-жылдын 15-декабрында Кесиптик колледжибиздин Мектепке чейинки билим берүү программасынын 2-курсунун студенттери Ширин Камчыбекова жана Арина Сейитказиева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулган «Мектепке чейинки курактагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсү: курактык өзгөчөлүктөр жана педагогикалык колдоо» аталышындагы студенттик илимий-практикалык конференцияга катышышты. Конференциянын алкагында студенттер өз баяндамаларын презентация форматында ийгиликтүү коргоп, тажрыйба алмашууга активдүү катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан студенттерге сертификаттар, ал эми жетекчи окутуучу Гулзаада Абдралиевага ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.