2025-жылдын 19-декабрында, Махфуорва Жаӊылдын жетекчилигинде, Туризм жана Мейманкана Иштетүү Программасынын 1-курсунун студенттери TUO-103 Туризмге киришүү сабагынын алкагында Ambassador Hotel, Ambassador Orient Hotel жана Solutel Hotel мейманканаларына экскурсияга барышты.
Сапардын жүрүшүндө студенттер мейманканалардын уюштуруу структурасы, кызмат көрсөтүү процесстери, алдыңкы кабина (front office), кабат кызматтары жана жалпы ишмердүүлүгү боюнча жеринде маалымат алышты. Мейманкана адистери тарабынан берилген түшүндүрмөлөр студенттерге теориялык билимдерин практика менен бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Мындай техникалык сапарлар студенттерге тармакты жакындан таанып-билүүгө, кесиптик аң-сезимин калыптандырууга жана карьералык максаттарын тактоого олуттуу салым кошот.


