2026-02-06

Мейманкана (Отель) секторунда карьера жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү талкууланды


2026-жылдын 29-январында Kilikiya Palace Antalya мейманканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Мейманкана секторунда карьера жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы маалыматтык жыйын өткөрүлдү. Студенттердин чоң кызыгуусун жараткан жыйында мейманкана секторундагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жана стажировка шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жыйындын алкагында мейманкана секторундагы иштөө шарттары, бөлүмдөр боюнча кызматтык милдеттер, карьералык өсүү баскычтары жана тармакта ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр талкууланды. Kilikiya Palace Antalya мейманканасынын өкүлдөрү студенттер стажировка учурунда ала турган кесиптик тажрыйба, стажировкага кабыл алуу жол-жоболору жана окууну аяктагандан кийинки ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Суроо-жооп бөлүгү менен интерактивдүү форматта уланган жыйын студенттердин тармакка байланыштуу кызыктырган суроолоруна түз жооп алууга шарт түздү. Иш-чара студенттердин карьералык пландарын түзүүгө көмөк көрсөтүп, тармак менен университеттин кызматташтыгын чыңдоо жагынан жемиштүү болду.

Жыйынды уюштурууда эмгек сиңирген окутуучуларыбыз Мурат Авжы жана Мадина Өзтүрккө ыраазычылык билдиребиз.