Курулуш Программасынын студенттери сектордук практикаларын “KУT” жана “Технова” курулуш компанияларынын курулуш жүргүзгөн объектилеринде өткөрүп, кесиптик тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Практика учурунда студенттер иншаат долбоорлорунун иштөө тартиби, талаадагы иштер, иш коопсуздугу талаптары жана бөлүмдүк милдеттер тууралуу маалымат алышып, практика жүзүндө байкоо жүргүзүп, теориялык билимдерин чыныгы жумуш чөйрөсүндө бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.
Сектордук практика студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жумушчу жашоого даярдыктарын күчөтүүгө чоң салым кошту. Студенттерди практикага алып барган Гулмира Ажыгулова эжебизге ыраазычылык билдиребиз.

