2026-жылдын 13-февраль күнү Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү – Наманган мамлекеттик техникалык университетинин Курулуш факультетинин профессору, техника илимдеринин доктору Раззаков Собиржон жана Фергана мамлекеттик техникалык университетинин Архитектура жана курулуш факультетинин доценти, техника илимдеринин доктору Юнусалиев Елмурад Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжине зыярат кылышты.
Зияраттын жүрүшүндө урматтуу конокторубуз окутуучулар жана студенттер үчүн актуалдуу жана практикалык мааниге ээ болгон төмөнкү темаларда мазмундуу семинарларды өткөрүштү:
Семинарлардын алкагында студенттер заманбап инженердик долбоорлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышып, КОМПАС-3D программасында 2D жана 3D моделдерди түзүүнүн практикалык ыкмалары боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты. Окутуучулар үчүн да тажрыйба алмашуу, методикалык багытта пикир алышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен семинарларды, мастер-класстарды жана тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Мындай иш-чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.







