Мектепке чейинки билим берүү программасынын 2-курсунун студенти Дилназ Бактыбек кызы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан студенттер арасында уюштурулган «Зомбулукту алдын алуу боюнча эң мыкты юридикалык сунуш» аттуу республикалык конкурска активдүү катышты.
Конкурстун жыйынтыгында Дилназ Бактыбек кызы өзүнүн мазмундуу жана актуалдуу сунушу менен өзгөчөлөнүп, эң мыкты сунуш берген 3 студенттин бири болуп табылды. Жеңүүчү катары ал уюштуруучулар тарабынан алкыш баракчасы жана баалуу белектер менен сыйланды.
Студентибизди жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага мындан аркы окуу жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайбыз.

.jpeg)