Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Rota Manas: тилектештик жана жеткиликтүүлүк фестивалынын» алкагында Даун синдрому бар, ошондой эле көрүүсү жана угуусу начар балдар үчүн атайын иш-чара уюштурулду. Балдар күн бою искусство, спорт жана изилдөө темасындагы иш-чараларга катышып, фестиваль жеткиликтүүлүк жана коомдук аң-сезим тууралуу маанилүү билдирүү берди.
Иш-чарага Кесиптик колледждин окутуучусу Гүлзада Абдралиева, кызматкер Надежда Нагорная жана «Мектепке чейинки билим берүү» программасынын студенттери катышты. Алар балдар менен бирге кийиз басуу, токуу, түстүү оюнчуктарды жасоо сыяктуу чыгармачылык иш-аракеттерди өткөрүп, жасалган буюмдарды балдарга белекке беришти. Катышуучуларга кызыктуу жана эсте каларлык учурларды тартуулоо үчүн алар өз күчүн аяшкан жок.
Бул маанилүү иш-чарага салым кошкон бардык окутуучуларга жана студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз!

.jpeg)

.jpeg)