2026-жылдын 14–16-апрель күндөрү Бишкек шаарында курулуш индустриясынын 23-эл аралык адистештирилген KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсү өткөрүлүүдө.
Бул ири иш-чара курулуш тармагы, архитектура, интерьер дизайны жана ага байланышкан багыттардын алдыңкы өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирет. Көргөзмөнүн жүрүшүндө заманбап курулуш материалдары, инновациялык технологиялар, инженердик чечимдер, ошондой эле архитектура жана интерьер дизайны жаатындагы актуалдуу тенденциялар сунушталууда.
KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын курулуш секторуна инвестиция тартууга шарт түзөт. Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык компанияны бириктирип келет.
Иш-чарага КТМУ Кесиптик колледжибиздин окутуучусу Мустафа Өжал студенттери менен бирге катышып, көргөзмөдө көрсөтүлгөн заманбап технологиялар жана инновациялык чечимдер менен таанышып келишти. Бул катышуу студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө жана практикалык билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
