Кесиптик колледжибиздин алкагында ишке ашырылып жаткан санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоору Бишкек шаарындагы №80 мектепте улантылды. Долбоордун жүрүшүндө окуучулар санариптик маркетинг жана коддоо багыттары боюнча практикалык билим алышып, заманбап технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүштү. 4 жумага созулган окутуу процессинде катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул демилге окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жана алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды.