2026-04-24

Таш-Дөбө жатак мектебинде санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча окутуу өткөрүлдү


Кесиптик колледжибиздин окутуучулары тарабынан ишке ашырылып жаткан санариптик билим берүү долбоору Таш-Дөбө жатак мектебинде да ийгиликтүү улантылды. Долбоордун алкагында окуучуларга санариптик маркетинг жана коддоо боюнча практикалык сабактар өтүлүп, алардын теориялык билимдери практика менен бекемделди. 4 жума бою үзгүлтүксүз өткөрүлгөн сабактар окуучулардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга жана заман талабына ылайык көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түздү.