Кесиптик колледжибиздин окутуучулары — доцент, PhD Гүлнара Карадениз, профессор Мирбек Турдиев жана окутуучу Гулзаада Абдралиева жетекчилик кылган «Санариптик маркетинг жана коддоо көндүмдөрү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды колдоо» аттуу илимий долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы №1 жатак мектебинде практикалык окутуу жүргүзүлдү. Долбоордун негизинде окуучуларга санариптик маркетинг жана негизги коддоо багыттарында практикалык сабактар өтүлүп, алардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Окутуу процесси 4 жума бою үзгүлтүксүз өткөрүлүп, окуучулар заманбап технологиялар менен таанышып, практикалык билим алышты. Бул иш-чара алардын келечектеги кесиптик багытын аныктоого жана өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.
.jpeg)