2026-04-28

Эл аралык олимпиададагы чоң жетишкендик


Биздин студенттер Россия элдер достугу университети Патрис Лумумба атындагы тарабынан уюштурулган бухгалтердик эсеп жана финансылык коммуникациялар боюнча XII Эл аралык олимпиадада колледжибиздин атын татыктуу деңгээлде коргоп чыгышты. Олимпиада 2026-жылдын 26–28-март күндөрү өткөрүлдү.

КТМУ Кесиптик колледжибизден олимпиадага үч студент катышып, өз билимдерин көрсөтүп, окуу жайды эл аралык деңгээлде ийгиликтүү тааныта алышты.

Бул олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер катышып, иш-чаранын масштабын жана абройун дагы да жогорулатты. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, олимпиадага 18 өлкөдөн 140 окуу жайдын өкүлдөрү катышкан.

Айрыкча сыймыктануу менен студентебиз Советбеков Азатты куттуктайбыз — ал эл аралык деңгээлдеги күчтүү катышуучулардын арасында II орунду ээледи!

Студенттерди олимпиадага даярдаган окутуучу Алиева Н.нын кесипкөйлүгү, колдоосу жана эмгеги бул жогорку жыйынтыкка жетүүгө чоң салым кошту.

Студенттерибиздин жетишкендиктери менен сыймыктанабыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, окуудагы ийгилик жана жаңы бийиктиктерди каалайбыз!