Компьютердик программалоо II-курс студенттери Электрондук соода сабагынын алкагында 2026-жылдын 20-апрелинде сабак окутуучусу Raşit Yılmaz менен биргеликте Wildberries Чыңгыз Айтматов филиалына техникалык экскурсия жасашты.
Филиалдын жооптуу кызматкери Айгүл Абышева Wildberries платформасы аркылуу электрондук соода процесстери, буйрутмаларды башкаруу жана сатуу операциялары тууралуу студенттерге кеңири маалымат берди.
Мындай практикалык экскурсиялар студенттердин теориялык билимин реалдуу тажрыйба менен бекемдөөгө чоң салым кошот.
.jpeg)

.jpeg)