2026-05-11

Көңүл айтуу


Университетибиздин Волейбол командасынын ийгиликтүү оюнчуларынын бири, Кесиптик колледжибиздин Курулуш программасынын 2-курс студенти Нурлан Мамадалиевдин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Тартиптүүлүгү, эмгекчилдиги жана командадагы ынтымагы менен окутуучулардын жана досторунун урмат-сыйына ээ болгон студентебиз Нурлан Мамадалиевди ар дайым жакшы эскерүү менен эстейбиз.

Маркумга Аллахтан ырайым, үй-бүлөсүнө, жакындарына, досторуна жана университетибиздин жалпы жамаатына сабыр жана көңүл айтабыз.