«КОШ КЕЛДИҢ, 1-КУРС!»
24-сентябрда колледжибизде 1-курстун студенттерине арналган «Кош келдиң, 1-курс!» аттуу кызыктуу жана жылуу маанайдагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны 2-курстун төмөнкү багыттарда билим алган студенттери даярдашты:
Экономика жана бухгалтердик эсеп
Компьютердик технологиялар
Мектепке чейинки билим берүү
Биринчи курстун студенттери үчүн кызыктуу программа даярдалып, анда чыгармачылык номерлер, көңүлдүү оюндар, сынактар жана ар кандай кызыктуу тапшырмалар уюштурулду.
Студенттер активдүү катышып, бири-бири менен таанышып, баарлашып, көңүлдүү убакыт өткөрүштү!
Бул күн жаңы таанышуулардын, достуктун, кызыктуу окуялардын жана унутулгус студенттик жылдардын башталышы болсун!
Иш-чараны даярдаган окутуучу — Алиева Насикат.



