2026-10-22

Колледждин окутуучулары жасалма интеллект доорундагы кесиптердин келечегине арналган эл аралык тегерек столго катышты


Колледждин окутуучулары жасалма интеллект доорундагы кесиптердин келечегине арналган эл аралык тегерек столго катышты

2026-жылдын 20-октябрында колледжибиздин окутуучулары Казакбаева Замиргүл жана Алиева Насикат М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) жана КЭиС тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект доорундагы кесиптердин келечеги: коркунучтар, мүмкүнчүлүктөр жана эмгек рыногунун трансформациясы» аттуу эл аралык тегерек столго катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллекттин эмгек рыногуна тийгизген таасири, кесиптик компетенциялардын өзгөрүшү жана заманбап кесиптердин өнүгүү келечеги талкууланды. Окутуучуларыбыз баяндама жасап, башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен тажрыйба жана пикир алмашышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Илимий жана кесиптик талкууларга катышуу окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө жана санариптик трансформациянын актуалдуу тенденцияларына ылайык билим берүү процессин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.