2026-10-23

Кесиптик колледждин «Туризм жана мейманкана иши» багытынын студенттери Hyatt Regency Bishkek мейманканасына техникалык экскурсия уюштурушту


Кесиптик колледждин «Туризм жана мейманкана иши» багытынын студенттери Hyatt Regency Bishkek мейманканасына техникалык экскурсия уюштурушту

2026-жылдын 17-октябрында Hyatt Regency Bishkek мейманканасында уюштурулган Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Кесиптик колледждин «Туризм» багытынын 1- жана 2-курс студенттери үчүн «Теориядан практикага: келечектеги кесип менен таанышуу» аттуу экскурсия уюштурулду.

Экскурсия доценттин милдетин аткаруучу Мадина Өзтүрктүн жетекчилиги астында өткөрүлдү. Студенттер мейманкананын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, мейманкана бизнесин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Сапардын жүрүшүндө алар мейманкананын ар кандай бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, мейманкана тармагындагы эмгек шарттары жана карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө да билишти.

Техникалык экскурсия студенттерге заманбап мейманкана индустриясынын талаптарын жакындан билүүгө, эл аралык мейманкананын иштөө тартибин көрүүгө жана келечектеги кесибинин өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Алган маалыматтары жана тажрыйбалары алардын мындан аркы окуусуна жана кесиптик жактан өнүгүшүнө өбөлгө болот.