2021-11-09


Ишеналы Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн илимий семинар


2021-жылдын 2-ноябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө” карата «Корпустук лингвистика жана кыргыз тилинин корпусу» аттуу жогорку окуу жайлар аралык илимий семинар өткөрүлдү. Аталган семинардын баяндамачысы факультетибиздин синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Аида Касиева корпустук лингвистика тармагы тууралуу кеңири маалымат берди. Семинарга батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Чолпон Найманова,  синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин доктору Гүлнура Жумалиева жана батыш тилдери бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты Каныкей Калиева катышышты.