2021-11-11


«10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү» өткөрүлдү


2021-жылдын 10-ноябрында факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше Бишкек шаарындагы Ататүрк паркында өткөрүлгөн “Ататүрктү эскерүү” программасына катышып, Ректораттын жыйындар залында уюштурулган «Шейит кеткен ата-бабаларды эскерүү күнү» программасында ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Ачылыш сөзүнөн кийин тарых бөлмүнүн башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев «Ататүрктүн Түркстандагы замандаштары: эгемендүүлүк үчүн күрөш (1917-1924)» жана тарых бөлүмүнүн доценти Алпаслан Ашык «Ататүрктүн лидерлиги жөнүндө» аттуу баяндамаларын жасашты.