2021-11-17


"Кош келипсиң, биринчи курс!" программасы өттү


2021-жылдын 5-ноябрында Түркология бөлүмү Ректораттын жыйындар залында салттуу иш-чарага айланган "Кош келипсиң, биринчи курс!" аттуу программасын ишке ашырды. Биринчи курстун студенттерин бөлүмдүн окутуучулук жамааты менен, башка курстардын студенттери менен тааныштыруу максатында жыл сайын уюштурулган бул иш-чаранын кезектегисине Түркология бөлүмүнүн бардык окутуучулук жамааты, 2, 3 жана 4-курстун студенттери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир курстун студенттери өздөрүн таанытуу менен бирге өздөрү даярдаган чакан концерттик программаларын да көрсөтүштү. Программанын акырында бөлүмдүн окутуучулары да өздөрүн таанытып, студенттерге өз кеңештерин берип, аларга ийгилик каалап өтүштү.