2021-11-19


Түрк тил уюмунун жетекчиси Проф. Др. Гүрер Гүлсевин менен жолугушуу өттү


2021-жылдын 17-ноябрында түркология бөлүмү тарабынан Түрк тил уюмунун жетекчиси Проф. Др. Гүрер Гүлсевин менен бөлүмдүн студенттеринин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушуу учурунда Проф. Др. Гүрер Гүлсевин Түрк тил уюму жана анын ишмердүүлүгү тууралуу жалпы маалымат берип, айрыкча, Түрк этнониминин тарыхый өнүгүшү, анын ар кайсы доорлордогу ар кандай маанилери жөнүндө айтып берди. Факультетибиздин деканы Проф. Ахмет Беше да бул темага байланыштуу өз пикирлери менен бөлүштү.