2021-11-19


“Кош келиңиздер” кечеси уюштурулду


Факультетибиздин батыш тилдери бөлүмү, Англис тили жана адабияты программасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында 4-курсунун студенттери тарабынан 1-2-курстарга арналган “Кош келиңиздер” кечеси болуп өттү. Кечеде университеттеги студенттик жашоо жана аларга берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу жөнүндө таанытым программасы тартууланып, ыр, бий, оюн-зоок менен коштолду. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө бөлүмдүн алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери көрсөтүлүп, студенттерге алмашуу программалары, университеттен сырткары жашоо жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кеңештер айтылды.