2021-11-22


Касым Тыныстановдун жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата "Илимге багыт берген аалымдар" аттуу конференция өттү


2021-жылдын 18-ноябрында Касым Тыныстановдун жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата "Илимге багыт берген аалымдар" аттуу конференция болуп өттү. Жыйында Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаевдин ишмердүүлүктөрү жана калтырган эмгектери тууралуу баяндамалар окулду. Иш-чарага Кусейин Карасаевдин кызы Карасаева Алтынай Кусеиновна да келип катышты. Отурумдар аяктаганда, баяндамачыларга, иш-чаранын уюштуруучуларына сертификаттар тапшырылды. Иш-чара түркология бөлүмүнүн студенттеринин көркөм ыр окуусу жана чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.