2021-11-25


Кайра жаралуу акыны Сезаи Каракочту эскерүү кечеси


2021-жылдын 23-ноябрында түркология бөлүмү тарабынан «Кайра жаралуу акыны Сезаи Каракочту эскерүү» аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү. Кечени Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору проф. докт. Алпаслан Жейлан ачып, университетибиздин проректорлору, т.и.д., проф. Анварбек Мокеев, проф. докт. Мустафа Орчан, түркология бөлүмүнүн окутуучулары, студенттер менен коноктор катышты.  

Программа Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын окуусундагы Сезаи Каракочтун «Сүргүндөгү өлкөдөн борборлордун борборуна (Sürgün Ülkeden Başkentler Başkentine)» аттуу ыры менен, проф. докт. Озан Йылмаз жана доц. м.а. Халит Ашлардын сөздөрү менен уланып, түркология бөлүмүнүн магистранттары Идин Токтомамат кызы жана Мүзеййен Иналөздүн акындын ырларын окуусу менен аяктады.