2021-12-14


“АЙТМАТОВ-ФИЕСТА” аттуу университеттер аралык фестиваль өткөрүлдү


Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата даярдалган “Айтматов-Фиеста” аттуу университеттер аралык фестиваль өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Евразия жазуучулар союзунун башчысы Якуп Омероглу, Кыргыз Республикасынын Улуттук улуттук илимдер академиясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев жана чыгыш тилдери бөлүмүнүн башчысы, профессор, академик Осмонакун Ибраимов баяндама жасап беришти. Фиеста бир нече университеттерден келген студенттер арасында Айтматовдун чыгармаларын  ролдоштуруу, көркөм окуу жана “Менин Айтматовум” аттуу кыска оозеки тезистерден турган конкурсттук жарыштар өткөрүлдү.