2021-12-20


Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлор” аталышындагы семинар


2021-жылдын 13-декабрында философия бөлүмү тарабынан уюштурулган Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлор” аталышындагы семинар болуп өттү. Доц. др. Саветбек Абдрасулов “Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кооптонуу белгиси астында” аттуу баяндамасында маданий кооптонуу маселесин, ал эми доц. др. Нурзак Асанбеков “Ч. Айтматовдо заманавий адамдын образы” аттуу баяндамасында заманбап жана заманавий түшүнүктөрүн философиялык өңүттөн талкууга алышты.