2021-12-22


Айыл мектептерине семинар уюштурулду


2021-жылдын 14-декабрында факультетибиздин педагогика бөлүмү “Окутуунун натыйжалуулугун арттыруунун актуалдуу маселелери” деген аталыштагы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна кесиптик билимдерин өркүндөтүүгө айыл мектептеринен келген мугалимдерге арналган семинар уюштурду.

Семинарда педагогика бөлүмү башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков «Окуучу жаштарды руханий адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясы» жөнүндө айтып берди; профессор PhD Күршад Йылмаз «Классты башкаруу» темасында семинар жана доцент PhD Эркан Эфилти «Мектептин коом менен байланышы» аттуу баяндама жасап, мектептин коом ичиндеги орду жана мааниси тууралуу түшүндүрдү. Аталган сунумдарды ага окутуучу, докт. Кадиян Бообекова синхрондук түрдө которуп берип, өзүнүн “Окуучуларда көрүлгөн девианттык жүрүм-турумдар” жөнүндө баяндама жасады, ошондой эле доцент м.а. Явуз Эржан Гүл «Мугалимдин коомдук өзгөрүүлөрдөгү орду жана мааниси» темасында семинарын кыргыз тилинде сунду.