2021-12-28


Предметтик-тил үйрөтүүчү интеграцияланган окутуу (Content and Language Integrated Learning) аттуу семинар


2021-жылдын 23-декабрында факультетибиздин батыш тилдери бөлүмү тарабынан Кыргыз-Түрк Манас университети жана Кыргыз-Орус славян университети ортосундагы келишимдин негизинде “Content and Language Integrated Learning” аттуу семинар уюштурулду. Семинарга Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин англис тилинин теориясы жана практикасы жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц. Шубина Ольга Юрьевна, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин англистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын доценти, ф.и.к. Мукарапова Асел Камчыбековна жана бөлүмдүн ага окутуучусу, ф.и.к. Чыманова Жылдыз сунумдарын тартуулашты. Баяндамачылар предметтик-тил үйрөтүүчү интеграцияланган окутуу, коллективдик окуу жана мугалим-студент карым-катнашы сыяктуу маселелер жөнүндө айтып беришти.