2021-12-30


Түрк дүйнөсүндө Ажы Бекташ Велинин издери аттуу эл аралык симпозиум уюштурулду


2021-жылдын 24-декабрында  Ажы Бекташ Велинин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 750 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсүндө Ажы Бекташ Велинин издери аттуу эл аралык симпозиум болуп өттү. Симпозиумда университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, университетибиздин проректору, профессор Анварбек Мокеев жана симпозиумдун уюштуруучусу, факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше агайларыбыз ачылыш сөздөрүн сүйлөштү жана симпозиумдун отурум бөлүмүндө Түркиядан келген конок-профессор Гиясеттин Айташ, профессор Ахмет Ташгын, профессор Али Синан Билгили, Дурсун Гүмүшоглу жана профессор Харун Йылдыз улуу Ажы Бекташ Вели жөнүндө баяндамаларын жасашты.